super.kg logo
  Саясат  

Европа Орусияга каршы санкцияларды жарым жылга узартты

 
Европалык биримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2016-жылдын 31-январына чейин узартты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, санкцияларды улантууга Орусия тараптын Минск келишимдерин сактабагандыгы себеп болду. Мындай чечим талкуусуз кабыл алынганы айтылды.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын башында Евробиримдик, АКШ жана бир нече батыш өлкөлөрү Орусия Крымды өз курамына кошкондон кийин Орусияга каршы санкцияларды киргизе башташкан. Өткөн жылдын ичинде санкциялар бир канча жолу кеңейтилген. Ошондой эле быйылкы жылдын март айында АКШ менен Европа Орусияга каршы санкцияларды мындан ары да улантууга ниеттенгенин жарыялаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: