super.kg logo
  Спорт  

Башкы штаб менен Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери спорттун үч түрү боюнча мелдешүүдө

 

22-июндан 24-июнга чейин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Коргоо министрлигинин борбордук аппараттарындагы аскер кызматчыларынын арасында спорттун үч түрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу аталган штабдан билдиришти. 

Маалым болгондой, мелдешке мандаттык комиссиядан өткөн аскер кызматкерлери катышат. Бул жылы үч спорт түрү боюнча программага турникте тартынуу, айлануу, 100 метр аралыкка чуркоо, 3000 метр аралыкка чуркоо камтылган. Башкы штабдын Күжүрмөн даярдык башкармалыгынын дене тарбия даярдыгы бөлүмүнүн офицерлеринен калыстар тобу түзүлгөн. Алар мелдештин катышуучуларынын арасынан эң мыктыларын аныкташып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар менен кубок, дипломдорду тапшырышат.

Спорттук иш-чара КРнын Куралдуу күчтөрүнүн быйылкы жылга карата түзүлгөн даярдоо планына ылайык өткөрүлүп, аскер кызматчыларынын дене тарбия даярдыгынын деңгээлин көтөрүү, жакшыртуу, саламаттыкта сергек жашоого үндөө максаттарында уюштурулуп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: