super.kg logo
  Саясат  

2015-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган планынын көлөмү 17,3 миллиард сомду түздү

 
“2015-жылга республикалык бюджет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган планынын көлөмү 17 миллиард 399 миллион 700 миң сомду түздү. Мунун ичинен жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешеси 15 миллиард 129,5 миллион сомду, трансферттер 2 миллиард 270,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Каржы министрлигинен билдиришти. 

"Трансферттер республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү кошумча каражаттардын эсебинен 691 миллион сомго көбөйдү. Алгач 230 миллион сом суммасында бекитилип, тактоо учурунда берилүүчү каражаттардын жалпы суммасы 921 миллион сомду түздү. Такталган планда теңдештирүүчү гранттардын жалпы өлчөмү бекитилгендеги деңгээлде калды, башкача айтканда, 2015-жылдын бекитилген бюджетине ылайык 2015-жылга жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 349,2 миллион сом суммасында теңдештирүүчү гранттар каралган",- деп билдирет министрлик. 

Маалымат үчүн:

Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүп, бекитилип жана аткарыла турган айыл аймагынын жана шаардын жергиликтүү коомдоштугунун бюджети.

Трансферттер – Кыргыз Республикасынын бюджет системинин бир деңгээлдеги бюджетинен башка бир деңгээлине бюджет тарабынан берилүүчү бюджеттик каражаттар.

Гранттар – акысыз жана артка кайтаруусуз негиздерде республикалык бюджет тарабынан жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: