super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси кызматына Эринес Оторбаевдин талапкерлигин жактырды

 

"Кыргыз жериндеги чет мамлекеттердин элчилерине Манас ааламын таанытууну салтка айландырышыбыз керек". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев чет өлкөлүк элчилердин Таластагы "Манас Ордо" комплексинде болгон сапарында билдирди. Депутаттын айтымында, кыргыз өлкөсүндөгү бардык элчиликтер демилгени колдоого алышууда, мындан ары кыргыздын тарыхый жана маданий жайларын таанытуу улантылат. "Бул өз кезегинде улуттук маданиятыбызды, баалуулуктарыбызды жайылтууга жана туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт",- дейт Иманалиев.

Иш-чарага АКШнын, Франциянын, Беларустун, Украинанын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Пакистандын, Кореянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү катышты. 

Иш-чаранын соңунда комитет мүчөлөрү кезексиз жыйын өткөрүштү. Жыйында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралып, колдоого ээ болду. Мындан тышкары комитет КРнын Германиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Эринес Оторбаевдин талапкерлигин жактырды.

Э.Оторбаев учурда кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштейт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: