Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун жаңы шайланган судьялары ант беришти

Бүгүн, 22-июнда КРнын Жогорку Сотунун имаратында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун жаңы шайланган судьялары ант беришти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева жаңы шайланган судьяларды өзүнүн жана Жогорку Соттун атынан куттуктап, судьялардын мыйзам чегинде иш алып барып, калыс жана адилеттүү болуусун каалады.
Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьясы болуп Айнура Ахметова жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы болуп Айдарбек Алымкулов дайындалды.
Эске салсак, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев быйылкы жылдын 17-июнунда «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Жаңы шайланган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

