super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндө жоболор өкмөт тарабынан бекитилет

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – мамлекеттин менчигиндеги жерлерди тескөө жана аларды башкаруу маселелери боюнча жер жөнүндө мыйзамдарды “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү.

Ушул максаттарда кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөргө ылайык, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жоболор өкмөт тарабынан бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: