super.kg logo

Ысык-Көлдө балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө багытталган эл аралык иш-чара өтүүдө

 

Ысык-Көлдө балдардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө багытталган “Ысык-Көл балдардын көзү менен” аттуу иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган иш-чара облустун Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуучу жайында 20-27-июнга чейин өткөрүлүп, ага 9-15 жашка чейинки курактагы окуучулар катышууда. Иш-чаранын башкы максаты жаш балдардын көркөм өнөр куралдарын пайдалана билүү, чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн арттыруу болуп саналат. Балдар үчүн ар кайсы мамлекеттерден келген белгилүү сүрөтчүлөр мастер-класс өткөрүшөт. Мындан тышкары жаш сүрөтчүлөр арасында сынактар, көркөм өнөр көргөзмөлөрү, кол өнөрчүлүк, тарыхый музейлерге баруу каралган.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: