16 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Казакстандын президентинин Кубогунда алгачкы турда утулуп калышты








Учурда Астана шаарында Казакстандын президентинин кубогуна арналган футбол боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Мелдешке 17 жашка чейинки курактагы футболчулар катышып жатышат. КРнын Футбол федерациясынан маалымдашкандай, кыргыз футболчулары мелдештеги алгачкы беттеште кечээ, 22-июнда Казакстандын оюнчуларына каршы туруп, 1:3 эсебинде утулуп калышты.
Футболчуларыбыздын кезектеги беттеши бүгүн, 23-июнда Тажикстан жаштар курамасына каршы болмокчу.
Кошумчалай кетсек, бул мелдеш өспүрүмдөр курамасынын Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгынын алкагында өтүп жатат. 12-20-сентябрь аралыгында өтө турган тандоо турунда улуттук курамабыз тайпада Оман, Иордания жана Непал сыяктуу курамалар менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nursultan1

23.06.2015. 09:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе эмес, маанайды тушурбогуло!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.