super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитетинде Юстиция министрлиги коррупцияга каршы кантип күрөшүп жатканы талкууланды

 
Парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитети 22-июндагы жыйынында "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын Юстиция министрлиги тарабынан аткарылышын карады. Текшерүүдө аталган министрликте коррупцияга каршы күрөшүү иш-чаралары боюнча ички план жоктугу аныкталганы, кадрдык маселелерде эреже бузуулар бар экени айтылды. 
Депутат Анарбек Калматов буларды айтты: "Силерде коррупциялык тобокелчиликтердин зонасы аныкталган эмес. Мындай зоналарга юридикалык жактарды каттоо жана кайра каттоо, нотариус жана адвокаттарга лицензия берүү, түрдүү экспертизаларды өткөрүү маселелери кирет. Министрликте коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун механизмдери болушу керек эле, силерде ал тургай өздүк план иштелип чыккан эмес".  
Жыйынтыгында министрликке ишиндеги кемчиликтерди жоюу, коррупцияга каршы күрөшүү планын иштеп чыгуу сунушталды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: