super.kg logo

Жалал-Абадда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип 2 жаран кармалды

 
Жалал-Абадда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу 23-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 22-июнда Кара-Көл шаарынын Камбар-Ата шаарчасынын Санды-Көл тилкесинде Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган К.Р. шектүү катары кармалган. Аны текшерген учурда ак түстөгү каптын ичинен болжол менен 3 килограмм марихуана маңзатына окшош, өзгөчө жыты бар зат табылган.

Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошол эле күнү Камбар-Ата шаарчасынын Кочкор-Дөбө тилкесинде Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, 1974-жылы туулган К.Н. да шектүү катары кармалган. Аны текшерген учурда жанында алып жүргөн ак түстөгү каптын ичинен болжол менен 2 килограмм марихуана баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар зат табылган.

Азыркы күндө Кара-Көл ШИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.06.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абадда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип 2 жаран кармалды!

Мыйзамдуу сактагандар барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: