super.kg logo
  Саясат  

Альтернативдик аскердик кызматты өтөгөн жаранга укук коргоо түзүмдөрүндө кызмат кылууга уруксат берилет

 

Альтернативдик аскердик кызматты өтөгөн жаранга укук коргоо түзүмдөрүндө кызмат кылууга уруксат берилет. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында талкууланды.

Демилгечилердин айтымдарында, иштеп жаткан мыйзамга ылайык, жарандар КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызмат же запастын офицерлеринин программасы боюнча даярдыкты өтөбөсө, ал КРнын Куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдардын катарларындагы мамлекеттик кызматка кабыл алынышы жана көрсөтүлгөн кызматта болушу мүмкүн эмес болгон. Мындан улам мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушталууда.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар бул мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: