Балетмейстер Уран Сарбагышевди эскерүү кечеси өттү

















24-февралда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Кыргыз ССРинин Эл артисти, балетмейстер Уран Сарбагышевди эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага аталган театрдын мурдагы директору жана Кыргыз ССРинин Маданият министри Марклен Баялинов, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Роберт Уразгелдиев, КРнын Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев, маданият кызматкерлери, балет өнөрүн сүйүүчүлөр катышты. Көрүүчүлөргө мурда Уран Сарбагышев аткарып жүргөн “Асел”, “Дон Кихот”, “Чолпон”, “Жер эне” аттуу чыгармалар тартууланды. Айта кетсек, Уран Сарбагышев 2012-жылдын 19-февраль күнү 78 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.