Нарын. Бюджеттен 350 миң сом бөлүнүп, бул каражат китепкананын аянтын кеңейтүүгө жана оңдоп-түзөөгө жумшалууда
Республика боюнча үч китепкана пилоттук болуп тандалып, Нарын облусу боюнча биринчи жолу шаардык китепканада “Китепканалык коворкинг борбору” ачылууда. Бул тууралуу Нарын мэриясынан Элиза Качкымбаева билдирди.
«Китепканалык жана маалыматтык консорциум» ассоциациясы менен бирдикте, Германия кызматташтыгынын «Жарандык коомду колдоо фонду» тарабынан Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканага «Жергиликтүү коомду онлайн боюнча окутууда китепканалык коворкинг борбору» аталышындагы долбоору келип, жаңы иштер жүргүзүлүүдө.
«Коворкинг» сɵзүн англис тилинен которгондо «баарлашуу» дегенди түшүндүрɵт. Жакында шаардык китепкананын бардык категориядагы пайдалануучулары (жаштар, песионер, бизнесмен, милиция кызматкери, юрист, жумушсуз, жаш эне, мугалим ж.б.) коворкинг борборунда заманбап технологиялар менен камсыз болуп, комфорттук шартта тейлене баштайт.
Айтсак, китепкананын эки окуу залы азыркы талапка ылайык инвентарлар, компьютердик техникалар менен жабдылып, чексиз ылдамдыктагы интернет байланышы менен камсыз болот. Ага аталган долбоордун эсебинен 1 миллионго чукул каражат жумшалат. Борбордун ишин жүргүзүү үчүн эки китепкана кызматкери Бишкек шаарынан атайын окуудан өтүп келишти.
Мындан сырткары 350 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилип, ал каражат китепкананын аянтын кеңейтүүгɵ жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө жумшалууда.

