super.kg logo

Ак-Тоо чокусунда каза тапкан испаниялык альпинисттердин өлүмү боюнча экспертиза дайындалды

 
21-июнда Ак-Тоо чокусундагы Ак-Сай музуна чыккан испаниялык альпинисттерден турган топтун 3 мүчөсүнүн өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 23-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин альпинисттердин кар көчкүдөн улам каза болушканы айтылган.
Бишкек шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирилген альпинисттердин денесинде, моюн жана маңдай бөлүгүндө жаракаттар бар экени, тизе, жамбаш жана жаактары, далы жана көкүрөгү сынганы белгилүү болгон.
"Чет өлкөлүк жарандар 17-июнда башка альпинисттер менен кошо кыргыз жерине келишкен. 18-июнда Ак-Тоо чокусуна чыгышкан. Алар 20-июнда байланышка чыкпай калганда аларды издөө башталган. 21-июнда Ак-Тоо чокусунда каза болгондордун сөөгү табылган. Факты боюнча чогулган материалдар Аламүдүн райондук ички иштер органдарына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: