super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" боюнча: “Центерраны" колдогон өкмөт өкүлдөрү - кылмышкерлер”

 

"Кумтөр" маселесинде "Центерраны" колдогон өкмөт өкүлдөрүн кылмышкерлер деп эсептесе болот". Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, “Центерра” компаниясы өкмөттүн ийкемдүүлүгүнөн пайдаланып, "Суу кодексине өзгөртүү киргизбесеңер компания ишин токтотот, аны менен кошо 2 миң адам жумушу жок калып, төңкөрүшкө алып келиши мүмкүн" деп шантаж кылууда.

“Өткөн аптада Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизди. Башкача айтканда, мөңгүлөргө зыян келтирип, кен байлыктарды казып алып, жалпы эле чарба жумуштарын жасаса боло берет деген мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алды. Өкмөт "Центерранын" мөңгүлөрдү мыйзамдуу жол менен талкалайм дегенине жол ачууда. Мындан эки жыл мурун кырдаал ушундай болорун алдын ала билип, “Ата Мекен” партиясы Кылмыш жана жаза кодексине өзгөртүү киргизип, саботаж боюнча, стратегиялык маанидеги ишкананы атайын токтотуп салгандарды 15 жылга чейин камоону сунуштаган мыйзам киргизген. Ал биринчи окуудан өткөн, бирок быйыл июнь айында башка бардык фракциялар ал мыйзамды кулатып коюшту. Бул мыйзам долбоору ишке ашпаган соң, "Центерра" өз коркутууларын кайра баштады”,- деди Текебаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: