super.kg logo

Орус басылмасы Чеченстандагы "мыйзамдагы уурулардын" чогулушуна Азиз Батукаевдин барганын жазып чыкты

 
Орус ММКларынын бири 23-июнда укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына шилтеме берүү менен Чеченстандагы "мыйзамдагы уурулардын" чогулушуна Азиз Батукаевдин барганын жазып чыкты.
Анда Гудермесс районунда өткөн жолугушууну Азиз Батукаев уюштурганы айтылат. Ага 4 "мыйзамдагы ууру" барганын, алардын катарында криминалдык генерал Олег Шишканов (Шишкан) бар экени жазылган. Жолугушууда "уурулук бүлөсүндө" чечендердин катарын кеңейтүү, "мыйзамдагы ууру" Кахабер Парпалиянын тагдыры жана жакынкы айларда боло турган кезектеги жолугушууну уюштуруу талкууланган.

Айта кетсек, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен. Бул факты боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. 

“А.Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар” делинген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаевди жоопкерчиликке тартууну аталган комиссия сунуштаган. 

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган.

2014-жылы 24-сентябрда Грозный шаарындагы Ленин райондук соту тарабынан Батукаев 3 жылга эркинен ажыратылган. Аны Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү өтүнүчү Орусияга жиберилген. Орусиянын Башкы прокуратурасы Азиз Батукаев Орусияда жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү маселеси караларын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.06.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тан калам, бир мамлекет экинчи мамлекетке закондогу ууруну которуп алуу боюнча суйлошуу журобу деп!?
23.06.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мен башында эле ишенбегем. Мындайча айтканда биздин эшеке минер Салянова, Оторбаев, Президент ИИМ, УКМК бизди алдаган. Себеби Батукаев Кыргызстандан кеткенден бери камалган эмес. Эшеке минерлер, бизди кайра кайра чукуй бербесин деп аны камалды деп элди алдап ишти ошол менен жапты жапты кылабыз деген. Аты аталган паракорлорго, суткорлорго, коррупциянерлерге айтарым. Мына кандай амал дапсанарда АРКАНАР ЖАЛЛЖАЙЫП ачылып калдыго. Калын элди алдагандан коро олуп эле албайсынарбы!!!!!!!
23.06.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин чиновниктерге кандай жаман соз ойлоп тапсам экен бирок булар баардыгын которот намыс деген жок да.
23.06.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акчан болсо калтанда. Эшекминерлердин оозуна шакаль салып. Болушунча талтанда!!!!!!!!!!!!!!!!!
23.06.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиз Россияда турмодо олтурат деп жатпады беле моонотун бутуп чыккандан кийин кыргызстанга алынып келинет деп, турмодон чыгыптыр ал тургай той берип башка ворлорду чакырыптыр эми той устунон кармап кыргызстанга алып келгиле созунорго туруп, кана ГКНБ,МВД,Прокуратура кыйындары кучунорду бир корсоткулочу иш жузундо коройлу чындап эле криминал менен курошконунорду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: