super.kg logo
  Саясат  

Ыргал Кадыралиева: "Чүй облустук ооруканасында нефролог деген бир дагы адис жок"

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 23-июндагы жыйынында гемодиализ багытында жардам көрсөтүү маселесин текшерген жумушчу топтун иш жыйынтыгын кароону сентябрь айына жылдырды. Депутат Ыргал Кадыралиева иштин жүрүшүндө аныкталган айрым фактыларга токтолду. 

"Трансплантология багытында түзүлгөн Илим-изилдөө институту иштеп жатканына 11 жыл болгону менен, бул аралыкта 9 гана операция жасалган. Жамаатта илимдин эки доктору бар экен, эгер алар эч кандай ачылыш жасабай отура беришсе, аларды кармап отуруунун зарылчылыгы барбы? Мамлекет тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулушу керек эле. Бейтаптар дартка чалдыккан органдарын алмаштыруу үчүн Пакистанга кетип жатышат. Түркияга барабыз деп кезек күткөндөр толтура, аларга жергиликтүү шартта эмнеге жардам бере албайбыз?! Баягы эле жетиштүү даярдыгы бар адистердин жоктугуна шылтамай. Чүй облустук ооруканасында нефролог деген бир дагы адис жок",- дейт Кадыралиева. 

Депутат медициналык кадр даярдоо ишинде мамлекеттик саясатты күчөтүү керектигин кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: