super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов депутаттарга эмне себептен Конституцияны өзгөртүүгө зарылдык жаралганын айтып берди

 

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси талкууланып жатат.

Демилгечилердин бири, депутат Феликс Куловдун айтымында, Конституциянын айрым жоболору иш жүзүндө өзүн актабай калып, мамлекеттик органдардын ишинин баш аламан болушуна, бийликтин алсыздыгына жана чечкинсиздигине, элдин нааразычылыгынын өсүшүнө алып келүүдө. "Конституциянын жалпы башаты жана мааниси менен айрым жоболордун ачыктан-ачык карама-каршылыгын пайда кылган кемчиликтерди парламенттик демократиянын маани-маңызын өзгөртпөстөн жана акыркы мезгилдеги бардык жакшы жетишкендиктерди сактоо менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жаралды",- деди Кулов.

Айта кетсек, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төмөнкү негизги маселелерге тиешелүү. Алар:

Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо жол-жобосу; 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги, ошондой эле фракциядан чыгаруу маселелери; 

Премьер-министр болуп шайланган депутатка отставкага кеткенден кийин Жогорку Кеңештеги депутаттык кызмат ордуна кайра келүүсүнө мүмкүндүк берүү;

Жогорку Cоттун төрагасын жана төраганын орун басарларын Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: