super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште президенттик аппараттын башчысы Нарымбаев менен депутат Исаков кайым айтышты

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 23-июндагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси каралууда. Талкууда депутат Исмаил Исаков өзгөртүүгө каршы пикирин айтты.

"Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Жигит берген сөзүнө туруш керек, сөз бузса, уят болот. Эл акылдуу, баарын түшүнүп турат, Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдобойт. Тез арада бул демилгени токтотуңуз. Анын ордуна келе жаткан шайлоону жакшы өткөрөлү, айыл өкмөттөрүнө керектүү ыйгарым укуктарын берели. Ошондуктан бул маселени кароодон алып салыш керек",- деди Нарымбаевге кайрылып. 

Мындай пикирге президенттик аппараттын башчысы Нарымбаев макул эмес. "Сиз болбогон айыпты койбоңуз. Президент бардык иш-аракеттер ар дайым Конституциянын алкагында болуш керек деп айтып келген. Ал эч качан 2020-жылга чейин Конституция өзгөрбөйт деп айткан эмес",- деди Нарымбаев.

Комитеттин төрайымы Наталья Никитенко эки тарапты ынтымыкка чакырып, бири-бирин сыйлоону суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: