Серепчи: “ЕАЭБге кирерибиз менен Орусиянын гана унааларын минип калабыз деген туура эмес”



“Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки алгачкы беш жылда кыргыз жарандары үчүн автоунаа сатып алуу шарттары мурункудай бойдон калат”. Мындай пикирди бүгүн, 23-июнда маалымат жыйынында экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, жарандардын "Бажы биримдигине кирсек эле баарыбыз Орусиянын унааларын минип калабыз" дегени туура эмес.
“Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки алгачкы беш жыл бою мурункудай Германия жана башка өлкөлөрдүн унааларын алып сатууга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Анан бара-бара бул нерсе жоюлат. Дароо эле Москвич унаалары келип баштайт деген - жаңылыштык. Эгер беш жыл ичинде биздин жарандар өз автоунаасын өлкөдөн сыртка алып чыгып сатам десе, бул башка маселе. Ал жерде керектүү делген төлөмдөрдү береши зарыл”,- дейт серепчи.

