Өлкө ЕАЭБге киргенден кийин базар баалары 10-15 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн



"Өлкө ЕАЭБге киргенден кийин базар баалары 40 пайызга эмес, 10-15 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн". Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, баалар өтө эле өсүп кетет деп чочулоонун кереги жок.
“Айрым адамдар "Евразиялык экономикалык биримдикке кирсек, баалар 40 пайызга кымбаттайт" деп сөз кылып жүрүшөт. Бул туура эмес ой. Албетте, валютанын өйдө-ылдый болушуна байланыштуу баалар 10-15 пайызга жогорулайт, бул дүйнөлүк практика. Ал эми өзүбүздөн аз өндүрүлгөн товарлар өзгөчө Казакстан менен Орусиядан келет, анткени буга чейинки болгон чек ара маселелери чечилип, чет өлкөлүк ишкерлерге жагымдуу шарттар түзүлөт”,- дейт Өскөнбаева.





1 |