Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн 20 миллион доллар бөлүнүүдө
Жогорку Кеңештин Экономикалык
жана фискалдык саясат комитетинин 23-июндагы жыйынында "2015-жылдын 17-июнунда Бишкек
шаарында кол коюлган "Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программасынын 1-бөлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын
ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамынын долбоору
каралып, дароо үч окууда жактырылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, инвестициялык климаттын жакшыртууга багытталган бардык иш-чаралары ушул программанын алкагында толугу менен аткарылган. Анын жыйынтыгы боюнча макулдашуу мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүп, тиешелүү мыйзам күчүнө киргенден кийин Азия өнүктүрүү банкы мамлекеттик бюджетти колдоо багытында 20 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

