super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоду

 

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Конституцияны өзгөртүү демилгесин карап, биринчи окууда колдоду. Эми бул долбоор палатанын кароосуна жөнөтүлөт.

Айта кетсек, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төмөнкү негизги маселелерге тиешелүү. Алар:

Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын дайындоо жол-жобосу; 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги, ошондой эле фракциядан чыгаруу маселелери; 

Премьер-министр болуп шайланган депутатка отставкага кеткенден кийин Жогорку Кеңештеги депутаттык кызмат ордуна кайра келүүсүнө мүмкүндүк берүү;

Жогорку Cоттун төрагасын жана төраганын орун басарларын Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо жана башка маселелер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: