Абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу иштерин 7-июлда баштоо пландалууда
Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына катталуу турларынын тартибин бекитип берди.
Жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен болгон кеңешменин жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева ЖОЖдордун жетекчилерине 2015-2016-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу графигине жараша иш алып барууну тапшырды.
Министрликтен кабарлашкандай, быйылкы окуу жылындагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу графиги өткөн жылдардагы графикке салыштырганда окуу жайга тапшырып жаткан абитуриенттердин жума, ишемби жана жекшемби күнү катталуусу менен айырмаланат. “Мындай тартип жогорку окуу жайлардын кызматкерлери үчүн бир аз ыңгайсыз болот, бирок биз ата-энелер коомчулугун дагы эске алышыбыз керек. Иштеген ата-энелер окууга тапшырып жаткан балдарын коштоп барат, биз аларга тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек”,- деди министр Э.Сариева.
Бекитилген иш тартибине ылайык, абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу жана каттоо иш-чараларын 7-12-июль, 14-19-июль жана 21-26-июль күндөрү өткөрүү пландалууда.



1 |