Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен парламенттик шайлоо бир күндө өтүшү мүмкүн
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду парламенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү депутат Феликс Кулов сунуштады. Бул демилгесин ал бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, парламенттик шайлоо өтчү күн азырынча так белгилене элек. Учурда парламенттик шайлоо 4-октябрда же 1-ноябрда өтөрү талкууланууда.
Ошондой эле бүгүн аталган комитет Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

