Жогорку Кеңештин комитети акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча сунушту жактырды
Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 23-июндагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү сунушун жактырды. Добуш берүүдө аталган чечимге комитеттин 6 мүчөсү макул болду. Бир эле депутат Абдыжапар Бекматов "каршы" добушун берди. Ал атайын комиссия түзүүнү сунуштады.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин КСДП, "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" фракциялары Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын мөөнөтүнө чейин кызматтан кетирүүгө макулдук берди. Буга 10-июнда Жогорку Кеңештин Б.Аманбаевдин "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берүүсү негиз болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

