super.kg logo
  Саясат  

Ыргал Кадыралиева "мыйзам жазарда жол тандабас минип жүргөндөрдү эмес, карапайым элди ойлошубуз керек" дейт

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети бүгүн, 23-июнда "Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнүн эрежелери жана бирдиктүү принциптери жөнүндөгү макулдашууга КРнын кошулуусу тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБдин алкагында дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун калыптандыруу максатында дары-дармек каражаттарын жүгүртүү эрежелери менен бирдиктүү принциптери аныкталат.

Ошондой эле КРнын тиешелүү макулдашууга кошулуусу эл аралык стандарттарга шайкеш келген дары-дармек каражаттарынын сапатын камсыз кылуу аркылуу калктын ден соолугун чыңдоого жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Тармактык комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев ЕАЭБдин алкагында дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун калыптандырууга багытталган бул макулдашууну Беларусь, Казакстан жана Орусия колдогонун билдирди.

Депутат Ыргал Кадыралиева жергебизге келип жаткан дары-дармектердин баасы ошол ЕАЭБге кирген башка мамлекеттердеги дарылардын бааларынан канчалык айырмаланарын тактады. Эгер макулдашуу ратификацияланса, анда монополия күчөп, таасирдүү кишилердин гана дары-дармектери чек арадан өтүп, контрабандалык фармацевтикалык каражаттардын агымы күчөйт деп тынчсызданган депутат: "Ар бир мыйзамды карап жатканда кара жол тандабастын ээлери үчүн эмес, карапайым калк үчүн пайдасы тиерлик шартта талдап, кабыл алышыбыз керек",- деп билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: