super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт эки жыл ичинде мамлекеттин 17 мүлкүн жеке менчикке сатуу сунушун парламентке киргизди

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 23-июндагы жыйынында өкмөттүн 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоору каралды. Экономика министри Олег Панкратовдун билдиришинче, ушу тапта 17 мамлекеттик мүлктүн үлүшүн жеке менчикке сатуу пландалууда. Сатылчу мүлктөрдүн эң ириси - 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган "Альфа Телеком" ("MegaCom") компаниясы. Анын баштапкы баасы болжол менен 300 миллион долларды түзөт, бирок ал сатуунун жүрүшүндө дагы кымбатташы мүмкүн.

Министр: "Азыркы учурда атаандаш компаниялар арбып, кардарлардын басымдуу бөлүгү компьютерге өтүп жаткандыктан, айрым кооптуу жагдайлар жок эмес. Андан сырткары экономикалык жана соттук жагдайлар да бар. Бул ишкананын тагдырын азыртадан ойлонушубуз керек. Бара-бара азыркыдай абал жаман жагына өзгөрүп, анын акцияларынын куну түшүп кетиши мүмкүн. Мындай мисалдар биздин тажрыйбада бар",- деп билдирди.

Жыйында мамлекетке караштуу "Кыргыз почтасы" ишканасын 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган өз алдынча чарбалык субъектиге айландыруу боюнча да чара көрүлөрү белгилүү болду. Комитет мүчөлөрү өкмөттүн 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоорун жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: