Кыргыз футболчулары Казакстандын президентинин Кубогунда экинчи беттешин да уттуруп жиберишти








Кечээ, 23-июнда Астана шаарында Казакстандын президентинин кубогуна арналган футбол боюнча эл аралык мелдештин 2-туру орун алды. Анда Кыргыз Республикасынын 17 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн курамасы Тажикстандан келген атаандаштарына утулуп калышты. Футбол федерациясы кабарлагандай, анда 2:1 эсеби катталды.
Бул жаш футболчуларыбыздын мелдештеги экинчи жеңилүүсү. 22-июнда алар Казакстандын өспүрүмдөр курамасына каршы туруп, 3:1 эсебинде жеңилип калышкан.
Футболчуларыбыз кезектеги оюнда бүгүн, 24-июнда мелдештин мыкты командаларынын бири Испания менен кез келет. Беттешке 16:00дө старт берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Уткан командалар деле 17 жашка чейинкилер...
Соз анда эмес соз спортко конул бурулбай жатканда