super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаевдин кескин каршылыгынан кийин өкмөт "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого уруксат берчү документин артка кайтарып алды

 
Өмүрбек Текебаев
Өкмөт "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого уруксат берүүчү мыйзам долбоорун парламенттен артка чакыртып алды. Маалыматты "Ата Мекен" фракциясынан тастыкташты. Өкмөт "Кумтөрдөн" алтын казууда канадалык "Центерра" компаниясына кендеги мөңгүнү талкалоого уруксат берүүнү сунуштап келген. Башкача айтканда, өкмөт алтынды жер алдынан да, жер үстүнөн мөңгүнү чапчып алуу менен казууга да укук бергени жаткан. "Мөңгүнү ордунан жылдырууга макул болбосок, "Кумтөрдүн" иши токтоп калышы мүмкүн",- деп билдиришкен демилгечилер. Буга парламентте "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кескин каршы чыгып, бул кадамы үчүн өкмөт өкүлдөрүн чыккынчылыкка айыптаган. Депутаттын пикиринде, эгер мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга уруксат берилсе, кыргыз өлкөсү экологиялык катастрофага учурайт.  
Текебаев өкмөттүн азыркы аракети "Кумтөр" боюнча Темир Сариев өзү жетектеген 2012-жылдагы мамлекеттик комиссиянын чечимине каршы келерин да айткан. ң өкүнүчтүүсү - "Центерранын" өкүлдөрү бир гана Давыдов мөңгүсүн эмес, калган 5 мөңгүнү да талкалагысы келип жаткандыгы. Бул - кылмыш, анткени өкмөт депутаттарды мөңгүнү талкалап жок кылуучу сунушту колдоп добуш берүүгө көндүрүү аракетин көрүүдө. Мезгили келгенде бул жасаган кылмышы үчүн министрлер кабинетинин ар бир мүчөсү керт башы менен жооп берет",- деп билдирген Текебаев. 
Айта кетсек, өкмөттүн бул сунушу Жогорку Кеңештин эртеңки, 25-июндагы жыйынында 2-окууда каралмак. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: