Жалал-Абаддын тургуну "сибирь жарасына кабылган" деген шек менен ооруканага жаткырылды
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында 22-июнда Чаңгыр-Таш айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Н.С.Хамидов Сузак райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган. Ал жерден "сибирь жарасы оорусунун тери формасына күмөн" деген диагноз божомолдонуп, ооруканага жаткырылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, Н.С.Хамидовдун анализи лабораториялык изилдөөгө Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
chinara88

24.06.2015. 11:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сибирь оруу деген андай оору болду экен билгендер болсо айта кеткилечи
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.