Ош облусундагы 141 мечиттин имамына айлык берилет
Кечээ, 23-июнь күнү Ош облустук казыятында казы Ниязали ажы Ариповдун жетекчилигинде райондордун башкы имам-хатибдерине жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйында облустун жети районунун башкы имам-хатибдери аткарылган иштердин бир айлык отчёттору боюнча маалымат беришти. Жыйындын жүрүшүндө муфтият тарабынан келген буйрук-тапшырмалардын аткарылышы, ажылык боюнча өткөрүлгөн чүчү кулактын жыйынтыгы, ажы башчылыкка талапкерлерди тандоо, Орозо айындагы битир-садаганы чогултуу маселелери каралды.
Ошондой эле ушул айдан баштап президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан биринчи этапта аттестациядан өткөн 141 жума окулган мечиттин имамдарына айлык берилери, андыктан имамдардын жоопкерчилиги да күчөтүлөрү айтылды.
Жыйын соңунда ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча тапшырмалар берилип, ынтымакты бекемдөө боюнча биргелешкен чечим кабыл алынды.

