Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан бир катар эс алуучу жайлар текшерүүгө алынууда














Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 24-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан бир катар эс алуучу жайларды журналисттер менен бирге текшерүүдө. Рейд Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы “Кыргыз таңы” аттуу пансионаттын чыпкалоочу жайын текшерүүдөн башталды. Аталган тазалоочу жай 1980-жылы курулуп, андан бери эксплуатацияланган эмес жана эскилиги жетип, иштөө сапаты начарлаган. Мындай объектини оңдоого 1,5 миллион сомдун тегерегинде каражат керектелет.
Алдын ала белгилүү болгондой, журналисттер менен инспекторлор Ысык-Көл районундагы дагы 10го жакын пансионаттагы экологиялык нормалардын сакталышын текшерүүгө алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.