super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Жогорку Кеңешке патент менен иштеген ишкердик түрлөрүн азайтуу жана патенттин баасын көтөрүү тууралуу сунуш киргизди

 

Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн демилгеси менен иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Экономика министри Олег Панкратов патент менен иш алып барган ишкердиктин 9 түрүн жоюу, патенттин баасын көтөрүү колго алынып жатканын билдирди. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодексине, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодекске, Салык кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Андан сырткары ишкерлердин кассалык аппараттарына эсеп-кысап иштерин жакшыртуу максатында жаңы программалар коюлмакчы. Анын ичинде заманбап 2 программа өкмөт тарабынан киргизилет. Алар салыктык төлөмдөрдүн эсеп-кысабын так чыгарып берет.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбооруна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды чогултуу ыйгарым укугу берилүүдө. Анда өз милдетине жоопкерчиликсиз караган кызматкерлерге карата административдик айып чаралары каралган.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди кыспай, аларга жеңилдиктерди жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, текшерүүлөрдү азайтуу, мыйзам долбоорунун кыргызча вариантындагы аталыштарды такташтыруу тууралуу пикирлер айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: