Жогорку Кеңеш өлкөгө импорттолуучу электр энергияны кошумча нарк салыктан бошотту
Жогорку Кеңеш 24-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда колдоду.
Айта кетсек, бул долбоор 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилинде республиканын калкын жана экономиканын тармактарын электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында иштелип чыкты. Мындан тышкары аталган мыйзам долбооруна ылайык, өлкө аймагына импорттолуучу электр энергия кошумча нарк салыктан бошотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

