super.kg logo

Чүй. Мамлекетке 600 миң сомдон ашуун зыян келтирген Панфилов районунун Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына кылмыш иши козголду

 
Чүй облусундагы Панфилов райондук прокуратурасы райондогу Агрардык өнүктүрүү башкармалыгында текшерүү иштерин жүргүзгөн. Бул тууралуу 24-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Анда башкармалыктын жооптуу кызматкерлери Фрунзе айыл өкмөтүнүн жумушчулары менен сүйлөшүп алышып, Г.Д. аттуу жаранга 35 тонна буудайды насыяга алууга уруксат берүүчү документтерди жасашканы аныкталган. Натыйжада мамлекетке 615 миң сом зыян келтирилген.
Факты боюнча Панфилов районунун Агрардык өнүктүрүү башкармалыгына "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: