Ысык-Көл районунда 9 эс алуучу жай талапка жооп бербегендиктен жабылды
Ысык-Көл районунда 9 эс алуучу жай талапка жооп бербегендиктен жабылды. Муну бүгүн, 24-июнда Экологиялык жана техникалык инспекциянын аймактык жетекчиси Таалайбек Карасартов билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кээ бир пансионаттарда таза суу менен саркынды суулар аралашып калганы аныкталган.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
"Тоң районунда 7 эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу жайларынын ишин токтоттук. Алар чыпкалоочу жайларын оңдоп-түзөп же жаңы курушу керек. Учурда аны салууга эң аз дегенде 50 миң доллар талап кылынат.
Муну менен катар облуста Совет доорунан калган саркынды сууларды тазалоочу объектилер кир сууну 40-50 пайызга гана тазалап жатат. Бул экологиянын бузулушуна алып келет. Ошондуктан нормага жооп бербеген, тегерек-чети тосулбаган чыпкалоочу жайлар да жабылууда",- дейт Карасартов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
4
4
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















