Ош шаарында дагы бир балдар аянтчасы ачылды













Бүгүн, 24-июнда Ош шаарынын Ак-Буура аймактык кеңешиндеги Верхне-Увам көчөсүндө балдар аянтчасы ачылды. Ачылыш аземине шаар мэри Айтмамат Кадырбаев катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, калаа башчысы жыл башында аймактык кеңештерде шаар тургундары менен жолугушуу учурунда аталган аймактын жашоочулары балдар аянтчасынын жоктугу туурасында пикирлерин билдиришкен эле. Жолугушууда мэр тиешелүү жетекчилерге протоколдук тапшырма берип, тез арада балдар аянтчасын курууга демөөрчүлөрдү тартуу маселеси коюлган.
Натыйжада Бириккен Улуттар Уюмунун “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун Оштогу филиалы тарабынан бул долбоор колдоого алынып, балдар аянтчасын курууга 392 178 сом демөөрчүлүк жасаган. Ага улай Ош шаардык мэриясы тарабынан 181 360 сом каражат бөлүнсө, ал эми жергиликтүү жамааттар тарабынан 30 360 сом каражат жыйналган. Бүгүнкү күндө жалпы суммасы 603 898 сомго барабар иш аткарылып, кооздукка бөлөнгөн балдар аянтчасы пайдаланууга берилди.
Аталган иш-чарада Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Макико Шинахаро айым жана жергиликтүү тургундар сөзгө чыгышып, наристелердин кубанычтарын тең бөлүшсө, музыканын коштоосунда таланттуу жаштар бий бийлешти.





1 |