super.kg logo
  Саясат  

Медеткан Шеримкулов: "Оор кырдаалда шайланган азыркы Жогорку Кеңеш 5 жылда жемиштүү иштеди"

 

"Азыркы парламент 2010-жылы татаал кырдаалда шайланып, 5 жыл ичинде жемиштүү иштей алды. Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик бийлик бутактарынан сынды эң көп укканы парламент, анткени парламент - ачык орган, анын ар бир иши коомчулуктун көз алдында турат",- деп билдирди мамлекеттик ишмер, экс-депутат Медеткан Шеримкулов бүгүн, 24-июнда "Парламент" радиосунун түз эфиринде.

Шеримкулов парламенттеги депутаттардын саны оптималдуу болгону дурус деген пикирин айтты. "Депутаттар өтө аз санда болуп калса, мамлекеттеги маанилүү чечимдерди кабыл алууда парламентке таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү алда канча жогору болот. Ошондуктан депутаттардын саны өтө аз дагы, өтө көп дагы болбошу керек. Албетте, эл өкүлдөрү жоопкерчиликти бекем кармап, элдин салыгынан түшкөн акча менен каржыланып жаткандан кийин эл ишеничин актап, эл үчүн адилет иштеши шарт",- дейт экс-депутат.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси тууралуу да пикирин айтты. "Эгерде Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл болсо, анда референдумга "2010-жылдагы кабыл алынган Конституцияны 2020-жылды күтпөстөн эле өзгөртүүгө макулсузбу?" деген бир эле суроону коюу туура. Эгер эл колдоп берсе, анда жаңы парламент шайлангандан кийин конституциялык кеңешме түзүп, керек болсо Конституциянын төрагасы президент өзү болгондо, элде да эч кандай нааразычылык жаралбайт",- деди Шеримкулов.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: