super.kg logo

Наталья Никитенко: "Улуттук онкология борборунда азыр абал оор"

 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутаттар Улуттук онкология борборуна байланышкан Ташполот Балтабаевдин мыйзам долбоорун дагы талкуулашты.

Ташполот Балтабаевдин айтымында, мыйзам долбоору 2000-жылы эле кабыл алынып, ал боюнча оор формадагы онкологиялык ооруларды дарылоо мамлекет тарабынан акысыз жүргүзүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, иш жүзүндө андай эмес. Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлү Наталья Никитенко чыгып сөз алды.

"Биз Улуттук онкология борборунун онкологиялык ооруларды натыйжалуу дарылоодогу негизги милдеттерин так аткарууга азырынча жетише албайбыз. Анткени аталган дарылоочу жайда заманбап жабдуулар жана лаборатория жок. Натыйжада ооруп жаткан бардык сыркоолор өмүрүн жок дегенде бир азга улантуу үчүн акча төлөөгө мажбур болушат",- деди Н.Никитенко.

Ал эми өкмөт болсо онкологиялык ооруларга жардам берип жаткан медуюмдарды Бирдиктүү төлөөчү системине киргизүүнү сунуштап жатат. Ошондо бюджеттин абалына карап ким акысыз жана кимдер чыгымдын жарымын төлөп дарыланат деген сыяктуу маселелер оңой чечилерин белгилешет.

"Биз жылына онкологиялык ооруларга 3 миллиард сом таба албайбыз. Ошондуктан оорулуулардын абалын жеңилдетиш үчүн аларга паллиативдик жардам берүү жолдорун издеп жатабыз. Бул мыйзам долбоору дал ошол максаттар үчүн иштелип чыккан",- дейт мыйзам долбоорунун автору Ташполот Балтабаев.

Отурумдун жүрүшүндө Улуттук онкология борборуна зарыл жабдууларды сатып алуу, калктын аярлуу катмарын акысыз дарылоо жагы тыкыр көзөмөлгө алынышы керектиги депутаттар тарабынан айтылды. Адамдар акчасынын жоктугунан каза болуп калышпасын дешти алар.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.06.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар айткан сон ишти аягына чейин чыгарса жакшы болот эле,айтып кала бербей
25.06.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин депутаттар айта берет ........ Анан кайра кайта берет...
25.06.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн башкысы "атамекенчилер" туура маселени, оз убагында которуптур. Чындап эле онко ооруларга ар тараптан камсыздоо зарыл. Бюджетибиз тартыш болуп турганда ким толойтЮ ким жарымын толоорун ачык айтыштары керек. Мындай ооруларды дарылаган ооруканалардын матералдык техникалык базасын чындоочу учур келди.
26.06.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абал каэрде женил экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: