Жалпы республикалык тестирлөөдө мыкты көрсөткүчкө быйыл да Бишкектеги №61-мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү ээ болушту




Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө боюнча мыкты көрсөткүчтөргө
жетишип, 54 алтын сертификат алуучулардын 18и Бишкектеги
№61-мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү болуп чыкты. Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды тапшырат.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, 2015-жылы аталган тестти тапшырууга
52 051 мектеп бүтүрүүчүсү катталып, тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 54 окуучу мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Мындан сырткары аймактарда 16 окуучу жогорку упай (217-222) алышкан.
Алтын сертификат алуучулардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү. Алар: Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк балдар лицейи, "Айчүрөк" Кыргыз-Түрк лицейи, Кыргыз-Орус Славян университетинин
астындагы мектеп, Медициналык академиянын алдындагы лицей жана башка мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

