super.kg logo

Ысык-Көлдө ышталган балыктын баасы былтыркыга салыштырмалуу өстү

 

15 жылдан бери Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ышталган балык саткан Эльнура Кутмединова быйыл жаңы кармалган балыктын баасы кымбаттап кеткенин билдирди. Анын айтымында, алар Орусиядан келген сельдь балыгын алып, аны союп, туздап, анан ыштап кардарларга сатып келишет.

Жыл өткөн сайын балыктын бизге келип түшкөн баасы акырындык менен кымбаттоодо. Мисалы, былтыр сельдь балыгынын килограммын 90 сомдон алчубуз, жаңы жылдан баштап 106 сомдон кылып коюшту. Мындан улам былтыр эң арзан ышталган балык 40 сомдон сатылса, азыр 50 сомдон берүүдөбүз. Кичинекейлерин кээде гана 40тан сатабыз”,- дейт сатуучу айым.

Учурда Балыкчы шаарында “60 сомдук балыкты мейли 50 сомго алгыла” деген сатуучулар көп. Ал эми ышталган чоң сельдь 70тен өтүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: