Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосунда аскердик кызматташтыкты күчөтүү талкууланууда





Кыргыз мамлекетинин коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 24-июнда Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Министрлер аскердик, аскердик-техникалык кызматташтык, аскердик кадрларды даярдоо, Орусиядан кыргыз өлкөсүнө берилген аскердик жабдууларды өткөрүү маселелерин талкуулашканын бүгүн, 25-июнда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен билдиришти. Кайтарымсыз аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү боюнча макулдашууга кол коюлду.
"Казакстан биз үчүн союздаш гана эмес, боордош мамлекет. Аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешип жасаган аракетибиз эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелерин чечүүгө олуттуу салым кошоруна ишенем",- деп билдирди Кудайбердиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

