super.kg logo
  Саясат  

"Президенттик башкаруудагы өлкөлөргө караганда парламенттик системдеги мамлекеттерде туруктуулук 3 эсеге бекемирээк" дейт депутат Кутушев

 
Дүйнөлүк тажрыйба тастыктап тургандай, президенттик башкаруудагы өлкөлөргө караганда парламенттик системдеги мамлекеттерде туруктуулук 3 эсеге бекемирээк". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдуманап Кутушев 24-июнда "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. Депутат муну менен коомчулуктагы ар кандай чыңалууларга жол берилбей турганын айтты.
"Буга себеп - сын-пикирлер менен ачык талкууларды парламентте айтууга шарттын бардыгы, коомдук көзөмөлдүн күчтүүлүгү, коомдун ачыктыгы. Азыркы тапта оппозиция көчөдө эмес, парламенттин ичинде. Президенттен тартып сот органдарында, жалпы мамлекеттик бийлик органдарындагы жүргүзүлүп жаткан ар бир иш ыргагы парламентте талкууланып, мыйзам чыгаруу бийлиги аркылуу коомчулукка кеңири жана өз убагында жеткирилип келет. Бир адамдын кызыл камчы бийлиги эмес, мыйзамдуулуктун гана диктатурасы орногон мамлекеттин келечеги кең болот",- дейт А.Кутушев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: