Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

"Ата Журт" парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп Тимур Муратов келди. Ал бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында ант берди. Ант берүү аземинен кийин төрага Асылбек Жээнбеков жалпы эл өкүлдөрүнүн атынан аны парламенттин депутаты болушу менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, Тимур Муратов мурдагы депутат Майрамкан Кадырбекованын ордуна келди. Кадырбекованын депутаттык мөөнөтү өзүнүн жазган арызына ылайык токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

