super.kg logo

Өкмөт жооп берет. "Чак түштө ата-энесинин кароосу жок жүргөн окуучуларды райондун милиция бөлүмүнө алып кетүү мыйзамдуубу?"

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: Ош облусунун Өзгөн шаарында кечээ, 24-июнда саат 15:00 чамасында рейд өткөрүп жүргөн милиция кызматкерлери 16-17 жаштагы 3 баланын паспортторун сурап, "ата-энеңердин кароосу жок жүрөсүңөр" деп райондун милиция бөлүмүнө алып кетишти. Бир сааттан кийин балдардын ата-энеси келип 200 сомдон айып пул төлөп, окуучуларды чыгарышты. Кармалган балдар эч кандай мыйзам бузууга барышкан эмес. Анан да кармалгандар паспорт ала элек болчу. Мындай учурда кармап кетүү мыйзамдуубу? 
Суроо калтырган Өзгөн шаарынын тургуну Талант Калмурзаев

Жооп: Мыйзам боюнча, укук коргоо органдары паспорту бар жарандардан өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ суроого укуктуу. Ошондой эле ар кандай рейддер жүрүп жатканда милиция кызматкерлери балдардын документтерин текшерип, аларды милиция бөлүмүнө алып барганы мыйзам бузууга кирбейт. Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, бойго жете эле балдарга ата-энесинин кароосу жок 22:00дөн 06:00гө чейин көчөдө жүрүүгө уруксат берилбейт. Ал эми жарандар мыйзам бузууларга туш болсо, күбө болсо шаардык, райондук, облустук милиция бөлүмдөрүнө кайрыла алышат. 

Суроого Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош облустук башкы башкармалыгынын басма сөз жетекчиси Жеңиш Ашырбаев жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
25.06.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кандай деген жооп? Тушунуксуз. Жашы жете элек баланы кармап кеткени мыйзамдуубу деп сурап жатса, мыйзам бузууга туш болсо милицияга кайрыла алат деп салыптыр. ))))
25.06.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
карга карганын козун чукубайт - болуп атат да. балдарды кармап кеткен да милициялар суроого жооп берген деле ички иштер министринин адамы. чынында тушунуксуз жооп бериптир
26.06.2015. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар озулору кылмышкер акча алса тоносо болду оз оюн так айта алышпайт суйлор созун билбеген ХХХ десе
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-26 14:53:51
26.06.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marat-m - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
26.06.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле, кыларга иштери жок эле кочолоп калышат. Ошонун арты кыллмыш кырсык болуп жатат. Дагы кучуно киргизиш керек мыйзамды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: