super.kg logo

Кочкор районунда 275 окуучуга туураланган мектептин курулушу башталды

 

Кечээ, 24-июнда Кочкор районунун Ак-Жар айылында 275 окуучуга туураланган мектептин курулушу башталды. Мектеп ушул жылдын октябрь айында бүткөрүлөт жана курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен 69 миллион сом каралган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, курулуштун башталышына карата капсула салуу иш-чарасына облус башчысы Аманбай Кайыпов, Кочкор акими Нурбек Жусупбеков, “Имарат курулуш” ишканасынын башчысы Бейшенбек Иманалиев, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мектеп мугалимдери жана айыл тургундары катышты.

Белгилүү болгондой, 422 окуучу окуган бул айылдагы мектептин өтө начар абалда экени айтылып келген. Кези келгенде окууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн окуучулар чатырларда да окушкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: