Өкмөт башчы Баткенге бир күндүк иш сапары менен барды
Бүгүн, 25-июнда өкмөт башчы Темир Сариевдин Баткен облусу боюнча бир күндүк иш сапары башталды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө премьер-министр Лейлек районундагы Ак-Арык жана Раззаков айылдарындагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жана Баткен облусунун аймагындагы Исфана – Баткен – Ош автожолу, Ак-Сай – Рават, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолдору, Кулунду-Максат көпүрөсү жана Боз-Кара-Кыштак каналынын курулушунун жүрүшүнөн кабар алат.
Андан соң Ак-Сай айыл аймагындагы Кара тилкесиндеги чек ара тозотунун курулуш ишинен кабар алып, чек арачылар менен жолугат. Муну менен катар Кадамжай шаарындагы сурьма комбинатынын жана Кызыл-Кыя тамеки ферментациялык заводунун бүгүнкү абалы менен таанышат.


,,беш окмоткон салыштармалуу Темир иштеп атат.