super.kg logo

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде балдар үчүн ишеним телефону ишке кирет

 

Социалдык өнүктүрүү министрлигинде балдар үчүн ишеним телефону иштей баштайт. Тийиштүү токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 25-июнда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Балдар үчүн ишеним телефонун ишке киргизүүнүн негизги максаты - балдар жана алардын ата-энелери, ошондой эле кыйын турмуштук кырдаалда калган балдардын мыйзамдык өкүлдөрү үчүн ыкчам психологиялык, маалыматтык, педагогикалык жана социалдык-укуктук көмөк көрсөтүү.

Мында аталган телефон боюнча түшкөн бардык маалымат сыр түрүндө сакталып, көмөк акысыз түрдө көрсөтүлөт. Телефондун иш алып баруусундагы негизги багыт катары балдардын укугун коргоо жана алардын коопсуздугун камсыздоо эсептелет.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: