24-июнда селдин кесепетинен Ала-Бука районунда 108 үй таза суу жана электр жарыгысыз калды
Ала-Бука районунда 108 үй таза суу жана электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка таянсак, Ала-Бука районундагы Өрүктү айыл аймагында 24-июнда саат 21:00 чамасында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Кең-Кол айылындагы Күйгүмөн сайынын деңгээли көтөрүлүп, 2 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Мындан сырткары сайдын жээгиндеги таза суу арыгы бузулуп, 2 даана электр мамысын сел алып кеткен. Селдин кесепетинен Кең-Кол айылынын жашоочулары (108 кожолук) таза суу жана электр жарыгысыз калышкан. Ошондой эле Кең-Кол айылын айыл аймак менен байланыштырган ички чарбалык жолду сел суулары жеп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.